“Интел Линкс” ишканасынын жетекчиси Таалайбек Жумадылов 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттордун колдонуу мөөнөтүн узартуу демилгесин айыптады. Анын айтымында, бул паспорттор жедеп эскилиги жетти. “94-жылы 3 миллион паспорт даярдалган. Ички иштер министрлиги 2 миллион 900 миң даанасын берген, калган 100 миң актай толтурулбаган паспорттордун дайыны так белгисиз, бирок айрым экстремисттик-террористтик топтордун мүчөлөрү көтөрүп жүргөнү андан-мындан далилденүүдө”, дейт Жумадылов.
14-апрелде Жогорку Кеңеш 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторду колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу токтом кабыл алган болчу. (EBM)
14-апрелде Жогорку Кеңеш 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторду колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу токтом кабыл алган болчу. (EBM)