Бул тууралуу Бириккен Элдик Кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Темир Сариевдин өз алдынча президенттикке аттанганына карабай оппозициянын бирдиктүү аракети сактала берет. Биз “үй-бүлөлүк системага” каршы күрөштө бирдиктүү бойдонбуз, деди Бекназаров. Бүгүн Темир Сариев менен Азимбек Бекназаров жолугушуп, президенттик шайлоо маселеси боюнча пикир алмашкан.(AiT)