Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

С.Кадыралиевди өлтүрдү деп шектелген адамдын абалы начар


Депутатты өлтүрдү деген шек менен азыр УКМКнын тергөө абагында жаткан Алтынбек Итибаев эмне себептен шал болуп калгандыгын айта албай, көзүнөн гана жашын агызып жаткандыктан аны тезинен дарылоо жана эмне себептен ооруп калгандыгын териштирүү өтүнүчү Башкы прокуратурага берилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Итибаевдин жактоочусу Токтогул Абдиев билдирди. Анын айтымында, айыпталуучу 9-май күнү бир сутка муздак жерде жатып, ага эч ким жардам берген эмес. УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлери эмне үчүн жардам көрсөтүлгөн эмес жана 8-майда эле ден соолугу жакшы жигиттин саламаттыгы эмне үчүн кескин начарлап, сүйлөөгө дарманы жок шал болуп калды деген жактоочунун суроолоруна жооп беришкен эмес. Ушундан улам адвокат Итибаевдин сотко чейин көрсөтмө берип, депутатты атып өлтүрүүгө эмне себеп болгондугун так айтышы кимдир бирөөлөр үчүн жагымсыз болгон деген күмөн оюн билдирип, аны аныктоо үчүн иликтөө жүргүзөөрүн билдирди. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы адвокаттын мындай маалыматы эч кимге белгисиз экендигин жана ал иликтенээрин билдирди. (BD)

XS
SM
MD
LG