Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:26

СДПК БШКдан шайлоону таза өткөрүүнү талап кылды


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимов мындай талапты БШКнын төрагасы Дамир Лисовский менен кечээ жолугушууда коюп, шайлоо өнөктүгүн жакшыртуу боюнча сунуштарын расмий кат түрүндө тапшырды. Андан тышкары шайлоону ачык жана калыс өткөрүү үчүн добуш берүүгө байкоо салууга шарт түзүп, шайлоо участкаларын техникалык жактан жакшы жабдууну, эл аралык жана жергиликтүү байкоочулардын добуш бергенден кийин сурамжылоо жүргүзүп, анын жыйынтыгын маалымат каражаттарына жарыялоосун камсыз кылууну сунуштады. Бийликчил партиялардын кеңселерин окуу жайлар менен мамлекеттик мекемелерде жайгаштырууга уруксаат бербөөгө жана 2007-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялоого чакырды. Дамир Лисовский жолугушуу оппозиция жана Социал-демократтар партиясы менен кызматташуунун алгачкы башаты болорун жана мурдагы кемчиликтерди жоюуга аракет болорун билдирди. (BD)

XS
SM
MD
LG