Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:33

Чочко тумоосунун алдын алууга Кыргызстанга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жардам берет


Чочко сасык тумоосун алдын алуу үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 7 миң долларга дары-дармек, лабораториялык каражаттарды берүүнү чечти. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн башкы санитардык дарыгер Сабиржан Абдукаримов билдирди. Анын айтымында учурда аба майдандарында, чек ара бекеттеринде чочко тумоосунун алдын алуу боюнча күчөтүлгөн чаралар жүрүп жатат. Чочко тумоосу Кыргызстанда катталган жок. Учурда чочко тумоосунун алдын алуу боюнча өкмөттүк комиссия иштеп жатат. Азыр бул илдет дүйнөнүн отуз өлкөсүнө тарап, илдетке чалдыккандардын саны 5 миңге жакындады. Алардын 53 мерт болду. (BuS)

XS
SM
MD
LG