Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Журналист Роксана Сабери кийинки аптада Ирандан кете алат


Теги ирандык америкалык журналист Роксана Сабери кийинки аптада Ирандан чыгып кете алат. Бул тууралуу анын адвокаты Абдолсамад Хоррамшахи билдирди. Журналист Сабери 11-майда Иран сотунун чечими менен абактан бошотулган. Буга чейин сот Саберини АКШнын пайдасына тыңчылык кылган деген кине менен сегиз жылга эркинен ажыраткан. Дүйшөмбү күн Саберинин иши кайра каралып чыгып, ал шарттуу түрдө эки жылга эркинен ажыратылды. Буга чейин Вашингтон, Евробиримдик жана Еврокомиссия Сабериге азаттык берүүгө үндөп келген. АКШ Иран сотунун чечимин кубаттады.

XS
SM
MD
LG