Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Кыргызстанда чочко тумоосуна каршы аракеттер көрүлүүдө


Кыргызстанга чочко тумоосу таркаса бир жарым миң кишиге жете турган дары бар. Бул тууралуу Кыргызстандын санитардык башкы врачы Сабыржан Абдикаримов чочко тумоосун алдын-алуу боюнча комиссиянын жыйынында билдирди. Анын айтымында, чочко тумоосун жуктурчу вирусту аныктоочу лаборатория да бар. Азыр тиешелүү мекемелер Бишкек, Ош аэропортторунун кызматкерлери арасында окуу өткөрүдө. Жалпы коомчулук үчүн чочко тумоосу тууралуу маалымат берген китепчелер чыгарылып, адамдын денеси ысыганын алыстан аныктоочу жабдуу алынган жатат. Комиссия төрайымы, вице-премьер- министр Өктөмхан Абдуллаева калк арасында оору тууралуу кеңири маалымат берүү зарыл деген милдет койду. Дүйнө жүзүндө чочко тумоосу менен ооруган 5 миңден ашык адам катталып, 2 миңден ашыгынын чын эле ооруганы аныкталды.(BD)

XS
SM
MD
LG