Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

А.Бекназаров: Чекке тосмо койгон Өзбекстандын аракети агрессия


Экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров мындай пикирин “Азаттыкка” Ноокен районундагы Чек айылына Өзбекстандын чегарачыларынын аракетине байланыштуу билдирди. Анын айтымында, чегара тилкеси аныкталып, делимитация тууралуу эки мамлекет ортосунда документ кабыл алынмайын талаштуу жерге чегара тосмосун коюуга эл аралык укук талаптары эч кимге жол бербейт. Ал эми Жалал-Абад облусунун губернаторунун мурдагы биринчи орун басары Жаныш Курбанов Чек айылындагы чегара тилкесин эки тараптуу жумушчу топ аныктагандыгын, бирок 24 кыргыз үй-бүлөнүн тагдыры чечилбей калгандыктан талаш чыгып жаткандыгын билдирди. Жалал-Абад облус губернатору Кошбай Масиров жетектеген делегация менен Өзбекстандын Андижан облусунун акиминин жолугушуусунда өзбек тарап кыргыз тургундарынын талабын иликтеп көрөрүн билдиргендигин К.Масиров кабарлады.(BD)

XS
SM
MD
LG