ЕККУнун Туруктуу Кеңешинин төрагасы Мара Маринакинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, беш айга созулган ургалдуу сүйлөшүүлөрдөн кийин буга чейин жетишилгендерди анализдөө зарыл. ЕККУнун Грузиядагы миссиясы 1992- жылы иштей баштаган. Бирок Орусия менен Грузия ортосундагы согуштан кийин былтыр декабрда Москва ЕККУнун байкочуларынын мандатын улантууга каршы чыккан. Байкоочулар мандатынын бир бөлүгү былтыр жыл соңунда, экинчиси быйыл 13- майда аяктады. Ал эми кечээ Орусия ЕККУнун бул маселе боюнча жаңыланган сунушун кабыл алуудан баш тарткан. Учурда уюмдун Грузияда калган 20 байкоочусунун мандаты 30-июнда аяктайт.