Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:41

Жарандык коомдун Координациялык кеңеши бүгүн жумушчу тобун жыйнайт


Бүгүн жарандык коомдун Координациялык кеңешинин алгачкы жумушчу тобу жыйын курат. Анда жаңы коомдук уюмдун жакынкы үч жылда аткара турган иштеринин багыттары талкууланат. Мындай чечим Координациялык кеңештин кечээки биринчи отурумунда кабыл алынды. 5-апрелде президент Курманбек Бакиев менен 26 бейөкмөт уюм кызматташтык боюнча ачык макулдашуу түзүп, аны ишке ашыруу үчүн Координациялык кеңеш түзүү чечимин чыгарган. Жарандык коом менен бийликтин мындай кызматташтыгын жактабаган бейөкмөт уюмдар президент өз кызыкчылыгын коргоо үчүн дагы бир жасалма институт түздү деп сындашкан. Президент коомчулук менен байланышты күчөтүү максатында мурдараак түзгөн Коомдук Палата бүгүн Курманбек Бакиевдин президенттикке талапкердигин талкуулаганы жатат.(BuS)

XS
SM
MD
LG