Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Пакистан: 834 миң киши үй-жайын таштап качкан


Пакистандын түндүк-батышында жоокерлер менен талиптердин кагылышуусу маалында 834 миң киши үй-жайын таштап качкан. Буга чейин өткөн жылы 500 миң киши качууга мажбур болгон. Бул тууралуу БУУнун Качкындар иши боюнча башкармалыгынын жетекчиси Антониу Гутерреш билдирди. Анын айтымында, Пакистанга чукул арада эл аралык коомчулуктун жардамы керек, болбосо өлкө гуманитардык кризиске кабылышы ыктымал. Пакистандык жоокерлер өткөн айда Сват өрөөнүндө талиптерге каршы чабуул башташкан.

XS
SM
MD
LG