Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Залкар актер М.Рыскуловдун 100 жылдыгын өткөрүү демилгеси көтөрүлүүдө


Мындай демилге менен чыккан Жогорку Кеңештин СДП фракциясынан депутат Роза Отунбаева премьер-министр Игорь Чудиновго кат жолдоду. Анда, СССРдин эл артисти Муратбек Рыскуловдун 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде өткөрүү боюнча атайын чечим кабыл алып, улуу таланттын чыгармачылыгына арналган республикалык (же эл аралык) илимий-практикалык конференцияларды, чыгармачылык кечелерди, анын аткарган ролдорундагы спектакль, фильмдердин жумалыгын (айлыгын) ж.б. маданий иш-чараларды уюштурууну сунуштаган. Ошондой эле Р.Отунбаева бул маселени парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комитеттин жыйынында кароо өтүнүчү менен кайрылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG