Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:21

Рахат Алиевдин китебинде Казакстан менен Кыргызстандын жер алмашуусу тууралуу да учкай айтылат


Казак президентинин мурдагы күйөө баласы, учурда Австрияда бозгунда жашаган Рахат Алиев жаңы жарык көргөн “Атаман кайын ата” (Крестный тесть) китебинин 194-барагында “Жайытты алгыла, санаторий бергиле” деген аталыш алдында минтип жазат: “2008-жылдын жазында биздин өлкө бир тууган Кыргызстан менен эки тарапка пайдалуу алмашуу жүргүздү. Ага Жамбыл облусунан 1000 гектардан ашуун сугат, айдоо жер кетти. Бул үчүн кыргыздар Казакстандын президентине Ысык - Көлгө эс алууга келгендердин баарына белгилүү Бостери кыштагына жакын жерден жер беришти. 1100 гектар келген казак жери үчүн биз 620 гектар кыргыз жерин алдык, анын үстүнө жарымынан көбүн дароо эле көзүр кайынатанын жеке компаниясына жаздырышты. Келишимди даярдоо жана ишке ашыруу менен Утемуратов жана Досмухамедов алектенишкен.

Азыр Назарбаевдин жеке менчиктеги аймагында көрөсөндүү алты вилла курушту. Ысык -Көлдөгү жыйырма сегиз метрлик жалгыз жеке менчик яхта Назарбаеге анын бизнес боюнча өнөктөшү, Швейцарияда жашаган ингуш Ахмед Местоев тарабынан белекке берилген”.

Рахат Алиевдин өзүнүн билдирүүсүнө караганда, “Атаман кайын ата” китебинин немец, орус тилиндеги нускалары 10- майдан тарта Австрия, Германия, Швейцариянын китеп дүкөндөрүндө сатыла баштады. Мурдараак Рахат Алиев бул китебинде мурдагы кайын атасынын жана анын айланасындагы адамдардын былык иштеринин бетин ачууну убада кылган. (UE)

XS
SM
MD
LG