Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Фергана облустук бийлиги кыргыз тараптан расмий түрдө кечирим сурады


Бул тууралуу Баткен районунун акими Дастан Ходжаев 16-май күнү «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, 15-май күнкү Өзбекстандын чек арачыларынын эл аралык нормаларга ылайык келбеген аракеттери үчүн Фергана облусунун губернаторунун биринчи орун басары Шухрат Ганиев кыргыз тараптан расмий түрдө кечирим сураган. Ошондой эле болуп өткөн окуя боюнча Ташкентке кабар берилип, Сох анклавындагы чек ара бекеттери боюнча жакынкы күндөрү чечим чыгаарын кошумчалаган. 15-майда Өзбекстандын чек арачылары Баткен районунун тургундары түшүп бараткан жеңил автоунаага ок чыгарышып, эки ок автоунаанын айнеги жана дөңгөлөгүнө тийген. Натыйжада жүргүнчүлөрдөн эки аял жана 5 жаштагы наристе катуу корккондуктан кан басымы көтөрүлүп, өзүн билбеген абалда оруканага түшкөн болчу. (JsA)

XS
SM
MD
LG