Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Баткенде Сох анклавынан чыга беришке кыргыз тарап чек ара бекет орнотту


Бул тууралуу Баткен районунун акими Дастан Ходжаев «Азаттыкка» билдирди. Маалыматка караганда, жаңы чек ара бекетин орнотуунун зарылчылыгы 15-майдагы Өзбекстандын чек арачыларынын кыргыз жарандарына каршы ок чыгаруусунан улам келип чыккан. Бул Сох анклавын тосмологон үчүнчү кыргыз чек ара бекети болуп калды. Өзбек тарап өзүнүн анклавын үч чегара бекети жана бир канча мобилдүү топтору менен корголоп келет.

15-майда Өзбекстандын чек арачылары Баткен районунун тургундары түшүп бараткан жеңил автоунаага ок чыгарышып, эки ок автоунаанын айнеги жана дөңгөлөгүнө тийген. Натыйжада жүргүнчүлөрдөн эки аял жана 5 жаштагы наристе катуу корккондуктан кан басымы көтөрүлүп, өзүн билбеген абалда ооруканага түшкөн болчу. (SA)

XS
SM
MD
LG