Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Ысыккөлдүктөр митинг өткөрүү тартибин өзгөртүү боюнча президентке кайрылуу жолдоду


“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун Ысык-Көлдөгү жетекчиси Ж. Осмонканованын айтуусунда, Барскоон, Тоң, Түп жана Балыкчы шаарындагы демилгелүү топтор митинг өткөрүү боюнча мыйзамды талкуулады. Адам укугун коргоо боюнча сотко 20-25 жолу кайрылган топтор эми өз көйгөйлөрүн митингдерге чыгуу менен гана ачыктап, Жогорку Соттон адилдетүүлүктү талап кылганы атат. Ошондуктан алар митинг өткөрүү тартибине киргизилген чектөөлөрдү алып салуу боюнча президент К. Бакиевге кайрылуу жолдоду. Анда: “Укук коргоо органдарына митинг өткөргөндөрдү акмалоо эмес, коомдук тартипти сактоо милдеттендирилсин”, деген талаптар жазылып, мыйзамды эл аралык талаптарга ылайыктап өзгөртүү сунушу келтирилген. Ысык-Көл районунун Бостери айылында өткөн бул коомдук угууну жарандар коррупцияга каршы укук коргоо борборунун юристи Абдыкерим Ашыров өткөрдү.(RB)

XS
SM
MD
LG