“Азаттык” үналгысынын угармандар кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаровдун билдиргенине караганда, нааразылык иш-чараны М.Горькийдин эстелигинин жанында өткөрүү Бишкек мэриясына кабарланган. Алар кыргыз бийлигине “Азаттык” үналгысын республиканын баардык аймагында УТРК аркылуу обого чыгаруу талабын коюшмакчы. Былтыр октябрь айынан баштап улуттук телерадиокомпаниясынан “Азаттык” уктурулбай, “Ыңгайсыз суроолор” жана “Азаттык+” теле программалар көрсөтүлбөй калган. (AJ)