Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:01

Пакистан армиясы Сват өрөөнүдө чабуулда аскерлер алдыга жылганын билдирүүдө


Командачылыктын айтымында, аскерлер кечээ Сват өрөөнүнүн башкы шаары Мингоранын айланасындагы Матта жана Канжу шаарчаларына кирди. Пакистандын коопсуздук күчтөрү бул өрөөндө Талибанга каршы чабуулун үч апта мурда баштаган эле. Буга талиб согушкерлеринин февралда жетишилген талаштуу тынчтык келишиминин соңунан өрөөнгө коңшу эки райондо да өз көзөмөлүн орнотуга аракеттенип, башкаала Исламабаддан 100 чакырым гана аралыкта турган районго чейин кирип баруусу түрткү берген. Пакистандын ички иштер минисрлигинин маалыматтарына караганда, уруш башталгандан бери 1000ден ашуун согушкер жок кылынды, бирок бул маалымат азырынча башка көз карандысыз булактар тарабынан ырастала элек. БУУнун качкындар иши боюнча мекемесинин эсебинде, уруштан улам Сват өрөөнүнүн дээрлик жарым миллионго жакын тургуну үй –жайын таштоого аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG