Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:50

Ноокен районундагы «акжолчулар» нааразылык билдиришти


Нааразылык иш-чара партиянын аймактык кеңсесинин алдында өттү. Ноокендик “акжолчулар” Мамадали Суяровдун төрагалыктан алынганын айыпташып, аны партиянын райондогу координаторлугуна кайра коюулушун талап кылышты. Талап аткарылбаса, уюмдун мүчөлүгүнөн чыгып, президенттик шайлоого катышпай тургандыктарын жана К. Бакиевге арызданышаарын билдиришти. Алар менен уюмдун облустагы төрагасы Абдымалик Бектемиров жолугуп, Мамадали Суяровдун конференцияга дейре убактылуу иштеп тураарын маалымдады. Бектемировдун белгилешинче, Суяров 16-майдагы жыйында башчылыктан алынган жана бүгүн чогулгандар координатордун урук-туугандары болушу мүмкүн. (YA)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG