Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

Ысык-Көлдө кызматына татыктуу эмес айыл өкмөт кызматкерлери аныкталды


Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча улуттук агенттик облустун жергиликтүү шаар өкмөттөрүндөгү 500дөй кызматкерди текшерүүдөн өткөрдү. Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жумадылов муниципиалдык кызматтын тартибин билбегени үчүн бул кызматка татыктуу эмес деп табылды. Аталган агенттиктин уюштуруу жана кадрлар саясаты боюнча бөлүмүнүн башчысы Аскар Токтошев ар бир райондо кызматкерлердин 7 гана пайызы аттестациядан өткөнүн маалымдады. Кызматтык чиндери комиссиядан алган упайлары боюнча июнь айында дайын болот. Бирок Чолпон-Ата шаардык башкармалыктын кызматкерлери мындай текшерүүгө каршылыгын билдирип, 2006-жылы берилчү мамлекеттик чиндерин эмгиче ала электигине нааразыланды. Улуттук агенттиктин Ысык-Көл облусу боюнча куратору Аскар Токтошев бул маселени чечүүгө убадасын берди. (RB)

XS
SM
MD
LG