Өзбекстандын Фергана облусунун акиминин биринчи орун басары Шухрат Ганиев Баткен районунун жетекчилиги менен жолугушууда чек арачылардын мыйзамсыз ок чыгаргандыгын моюнга алды. Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмү «Азаттыкка» билдирген маалыматк караганда, чыгымдарды төлөп берүү, мыйзамдуу чара көрүү жана Сохтун айланасындагы чек ара бекеттерин кыскартуу багытында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эки тараптын тең чек ара бекеттери күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. 15-майда түш ченде Сох анклавынан Баткендин Таян айылын көздөй бараткан кыргыз автоунаасына өзбек чек арачылары токтотуу жөнүндө ишарат да кылбай эле жол четинен чыгып, машинанын артынан бир нече ок чыгарышкан. Анын натыйжасында жүргүнчү аялдар жана бир жаш бала катуу корккондуктан өзүн жоготуп жыгылганда айдоочу дароо ооруканага жеткирген. (JsA)