Анда президент К.Бакиев кол койгон 2009-2011-жылга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында көрсөтүлгөн үч жылда демократияны толугу менен курабыз дегени сандырактык деп белгиленип, азыркы бийлик менен демократия бири-бирине туура келбестигин айткан. Милиция кызматкерлери жарандардын укугун бузуп, Бишкектеги кабыл алып бөлүштүрүүчү жайга мыйзамсыз камоолор күчөп баратканы, атуулдардын коопсуздугу эске алынбай калганы жазылган билдирүүдө. (AJ)