Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Пакистан: жер которууга аргасыз болгондор саны бир жарым миллион


Пакистандагы уруштардан улам жер которууга аргасыз болгондор саны бир жарым миллионго жакындады. Бул тууралуу Улуттар уюмунун Качкындар иши боюнча мекемеси билдирди. Аталган мекеменин маалымат катчысы Рон Редмонддун айтымында, буга өлкөнүн түндүк-батышындагы мурдагы уруштар учурунда үй-жайын таштап кеткен 550 миңден ашуун адамды кошкондо, качкындар саны 2 миллиондон ашып кетти. Пакистан аскерлери учурда Талибандын согушкерлери менен өлкөнүн түндүк-батышындагы Сват өрөөнүндө кармашууда. Операция мындан үч аптадай мурда башталган. Армия командачылыгынын билдиргенине караганда, бул жерде талип согушкерлерине каршы чабуул ийгиликтүү кетүүдө.

XS
SM
MD
LG