Бишкек шаардык соту Сапар Аргынбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттын касациялык арызын бүгүн саат 14:00 карай баштайт. Ал эми андан бир сааттан кийин 15:00 Эркин Бүлекбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз карала баштайт. Бул тууралуу адвокат Асель Аргынбаева “Азаттыкка” билдирди. С.Аргынбаев жана Э.Бүлекбаев Петровка айылындагы баш-аламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган. Алар учурда УКМКнын абагында кармалып турушат. Оппозиция өз билдирүүсүндө С.Аргынбаев жана Э.Бүлекбаев саясий ишмердүүлүгү үчүн кармалганын айтып, аларды бошотуу талабын коюуда. (AiT)