Бүгүнкү жыйынга вице-спикер Кубанычбек Исабеков, “Кыргыз алтындын” директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Елисеев, геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин директору Капар Курманалиев, экс-депутат Болот Шерниязовдун катышуусу күтүлүүдө. Кумтөр долбоору боюнча жаңы шарттагы келишимге үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде өкмөт башчысы Игорь Чудинов менен канадалык “Центерра голд.инк” компаниясынын жетекчиси Стивен Ланг кол койгон. Келишимдерге ылайык, Кыргызстандын алтын кендеги 16 пайыздай акциясы 33 пайызга жетет. (AJ)