Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:27

Үй-бүлөдөгү зомбулукту токтотууга арналган конференция башталды

"Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы күрөш: мыйзамдык негиздер, статистикалык көрсөткүчтөр жана механизмдер" деп аталган эл аралык конференцияны кыргыз өкмөтү, "Сорос-Кыргызстан" фонду, ЕККУнун Бишкектеги борбору биргелешип өткөрүп жатат. Анын максаты үй-бүлөдөгү зомбулукту токтотуу боюнча эл аралык тажрыйба менен тааныштырып, анын алдын-алуу чаралары боюнча ар түрдүү мекемелердин аракетин бириктирүү жолдорун тактоо. Бул маселелерди Литва, Түркия, Украина, Канада жана эл аралык уюмдардан келген адистер талкуулап жатышат. Конференциянын жыйынтыгында үй-бүлөдө зомбулукту токтотуу жаатында социалдык-укуктук механизмдерди жакшыртуу жолдору сунушталат. (BD) 
XS
SM
MD
LG