Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

С.Аргынбаев абакта дагы бир ай болот


Бүгүн Бишкек шаардык соту Петровка чатагы боюнча камакка алынган Сапар Аргынбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү арызын карап, аны канааттандырган жок. Натыйжада ал абакта дагы 27-июнга чейин болот. Мындай маалыматты "Азаттыкка" Сапар Аргынбаевдин адвокаты жана кызы Асель Аргынбаева билдирди. Анын айтымында, Аргынбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү арызын эми Жогорку Сотко жолдошот. Москва районундагы Петровка айылында 26-апрелде болгон окуя учурунда "Болуш" уюмунун төрагасы Сапар Аргынбаев жүздөн ашык адам менен бирге кармалып, ага "массалык башаламандыкты уюштурган", "улуттук карама-каршылыкты козуткан" деген кине коюлган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту кылмыш ишти карап, аны бир айлык түрмөгө кескен. Мындай чечимди жокко чыгарып, баш коргоо чарасын өзгөртүү арызын Аргынбаевдин жактоочулары шаардык сотко берген.(BD)

XS
SM
MD
LG