Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Жакын арада жер титирөө болушу күтүлбөйт


Сейсмология илим изилдөө институтунун директору Канат Абдрахматов мындай билдирүүнү "Азаттыкка" Бишкек тургундарынын арасында жер титирейт экен деп ушул тапта жүрүп жаткан дүрбөлөңгө байланыштуу билдирди. Анын айтымында, мындай имиш казак сейсмологдорунун Казакстандын Жамбыл облусунда жер титиреши мүмкүн деген маалыматын көчүрүп жазган АКИ-пресс агенттигинин кабарынан кийин пайда болду. К.Абдрахматов сейсмология институнун божомолу боюнча жакын арада Бишкекте жана анын айланасында жер титиребейт деп билдирип, дүрбөлөнгө түшүп жаткан элди тынчтанууга чакырды. Бишкек тургундары арасында жер титирейт деген маалымат тарагандан кийин бир топ мектептерде окуучулар таратылып, айрым мекемелердин кызматкерлери иштеген имараттарынан чыгарылгандыгы айтылууда. (BD)

XS
SM
MD
LG