Акыркы маалыматтар боюнча H1N1 вирусуна чалдыккан адамдардын саны кескин өстү. Чочконун тумоосунан АКШда сегиз киши каза тапканы кабарланууда. Мексикада вирус 74 кишинин өмүрүн алып кетип, жалпысынан 3 600 адам бул ооруга чалдыкты. Жапонияда чочконун тумоосу менен 200 киши ооруганы кабарланды. Жалпысынан дүйнөдө бул вируска 10 миң киши чалдыкты.