Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Ош шаарынын калкы таза суусуз калды


Шаардагы Араван, Батыш жана Туран кичи райондорунун тургундары «Азаттыкка» маалымдаганына караганда, 19-апрелдин кечинен бери таза суу токтоп калды. Тиешелүү уюмдар алдын ала эскертпегендиктен, жашоочулар аргасыздан арыктагы жана каналдагы кир суулардан пайдаланууда. Оштогу «Шаар суу канал» ишканасынын башкы инженери Ормош Сагындыков ырасташынча, акыркы күндөрдө тынбай нөшөрлөгөн жамгырдан улам Ак-Буура дарыясы ылайлангандыктан, ичилүүчү суу бекети убактылуу жабылды, бирок анын качан ачылаарын айтуу кыйын. Ал эми мекеме-уюмдарга буюртмасына ылайык машине менен суу ташылып берилүүдө. (ATo)

XS
SM
MD
LG