Кумтөр алтын кенинин айланасында 1992-жылдан бери жасалган көз боемочулуктар боюнча кылмыш ишин козгоону сурап Кен боюнча тармактар аралык комиссия Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу бүгүн Геологиялык чалгындоо, минералдык ресурстар агенттигинин башчысы Капар Курманалиев билдирди. Комиссия бул кылмыш ишинин негизинде мамлекеттик жоон топ кызматкерди жоопко тартууну сунуш кылууда. Алардын катарында мурдагы президент Аскар Акаев, Мурдагы өкмөт башчы Николай Танаев бар. (BuS)