Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Таланттуу калемгер Бурулкан Сарыгулованын ыр китебинин бет ачары болот


“Азаттыктын” кызматкери, калкыбызга таанымал таланттуу калемгер Бурулкан Сарыгулованын “Сыр сандык” аттуу ырлар жыйнагынын бет ачары бүгүн Улуттук китепканда өткөрүлөт. Автор аталган китеби аркылуу элеттин санаасын, балалыктын баелугун, тирүүлүктүн түйшүгүн, махабаттын машакатын чыгармачыл жан дүйнөнүн тегирменинен өткөрүп, окурмандардын таразасына коюп отурат. “Алыкулдун ак боз ат” фестивалынын лауреаты Бурулкан Сарыгулованын кесиби журналист. Убагында “Ленинчил жаш”, “Нарын правдасы”, “Кут билим” гезиттеринде кабарчы, бөлүм башчы, баш редактордун орун басары болуп иштеген. Учурда “Азаттык-Медиа” мекемесинде башкы директордун орун басары. (AJ)

XS
SM
MD
LG