Түркиянын президенти Абдулах Гүл 26-майда кечинде Кыргызстанга расмий сапар менен келиши күтүлүүдө. Түрк президентинин Бишкектеги расмий жолугушуулары 27-майда болмокчу. Абдулах Гүлдүн сапары тууралуу 22-майда Кыргызстан Тышкы иштер министринин орун басары Бактыгүл Каламбекова маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)