Багдаддын түштүгүндөгү базарда жанкечти өзүн жардырып, 12 адам мерт кетти, дагы 25и жараат алды. Киркук шаарында жанкечти айлык алуу үчүн кезекте турган жергиликтүү тартип коргоо кызматкерлеринин жанында өзүн жардырып жиберип, 7 киши набыт болду. Кечээ Багдадда унаага коюлган бомбанын жарылуусунан 40 адам набыт болуп, дагы 80дей адам оор жараат алган.