Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Милиция СДПнын Жалал-Абат облусундагы уюмуна кийлигишүүдө


Социал-демократтар партиясынын облустагы кеңсесине түрдүү шылтоолор менен тартип сакчылары 5-6 жолу келди. Алар өкүлчүлүк менен кызматташмакчы болгону менен кеңсе ишмердүүлүгүнө кызыккан. Сузак районундагы айылдарда президенттикке талапкер А. Атамбаев үчүн кол койгондорго сестентүүлөр болгон. Бул тууралу координатор Батырбек Абдразаков билдирди. Анын айтымында, депутат Руслан Шабатоев жана ишкер Бактыяр Амиражановдун тагдырына тынчсызданган жыйындан кийин аңдуу күчөдү. Жыйын жоголгондор 1-июлга дейре табылбаса, ички иштер министри М. Конгантиев менен Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы М. Суталиновду кызматтан алуу талабын койгон жана Ош-Бишкек жолун тосуу, президенттик шайлоого катышпоо чечими кабыл алынган. Облустук милиция Батырбек Абдразаковдун айткандарын төгүндөп жана саясий партиялардын иштерине киришпей тургандыгын билдирип, жалган маалымат үчүн аны сотко берерин кошумчалады. (YA)

XS
SM
MD
LG