Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Укук коргоочулар Ноокат окуясы боюнча Гаага сотуна кайрылуу жолдорун иликтеп жатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова билдирди. Анын айтымында, Ноокат окуясы боюнча Жогорку Соттун чечимин терииштирүү арызы менен эл аралык Гаага сотуна кайрылуу жолдорун азыр юристтер иликтеп жатышат. Буга кыргыз сотторун калыстыкка милдеттендирген эл аралык басымга муктаждык түрткү берип жатат. Андан тышкары соттолгондордун адвокаттары БУУнун адам укуктары боюнча атайын комиссиясына соттун чечимин иликтөө өтүнүчүн жолдогон жатышат. Жогорку Сот Ноокат окуясы боюнча 9 жылдан 20 жылга чейинки түрмө жазасына кесилген 32 адамдын көзөмөл арызын карап, алардын жаза өтөө мөөнөттөрүн 5 жылдан 17 жылга чейин гана кыскарткан. Укук коргоочулар соттор айыпталуучулардын күбөлөрүн жана далилдерди толук иликтеген жок жана диний көз карашы үчүн коркутуу сабагы катары гана оор жазаларды негизсиз берди дешип, сот чечимине каршы болушууда.(BD)

XS
SM
MD
LG