Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

Бүгүн Тил комиссиясынын сынагында президенттикке талапкер М.Боромбаев


БШКнын маалыматына караганда Токмоктук мугалим Мурат Боромбаев президенттик шайлоого катышууга өзүн-өзү көрсөтүп арыз берген. Кечээ Тил комиссиясынан Дыйкан-фермерлер партиясынан президенттикке талапкерлиги көрсөтүлгөн Куттубек Асылбеков мамлекеттик тилди билүүсү боюнча сынактан өттү. Маалыматтарга караганда, “Ак жол” партиясынан көрсөтүлгөн Курманбек Бакиев 26-майда, БЭКтин талапкери Алмазбек Атамбаев 27-майда, “Ак шумкардан” көрсөтүлгөн Темир Сариев 28-майда мамлекеттик тил сынагынан өтүшөт. Кыргызстандын Шайлоо кодексинин 61-беренесине ылайык президенттикке талапкер мамлекеттик тилде өзүнүн шайлоо алдындагы программасы жөнүндө үч бет текст жазып, 15 мүнөт кыргыз тилинде өз программасы тууралуу айтып берүүгө жана көркөм чыгармадан текст окуп берүүгө тийиш. (AJ)

XS
SM
MD
LG