Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:17

КСДПнын облустагы кеңсесине тартип коргоо кызматкерлери кийлигишүүдө


Бул тууралуу аталган партиянын Жалал-Абад облусундагы координатору Батырбек Абдразаков “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Сузак районундагы айылдарда президенттикке талапкер А.Атамбаев үчүн кол койгондорго айыл өкмөттөрү жана укук коргоо органдары эскертүүлөрдү жасаган. Ал ошондой эле парламент депутаты Руслан Шабатоев жана ишкер Бактыяр Амиражановдун тагдырына тынчсызданган жыйындан кийин аңдуу күчөгөнүн кошумчалады. Жыйындын катышуучулары дайынсыз жоголгондор 1-июлга дейре табылбаса, ички иштер министри М. Конгантиев менен улуттук коопсуздук комитетинин тёрагасы М. Суталиновду кызматтан алуу талабын коюп, Ош-Бишкек жолун тосуу жана президенттик шайлоого катышпоо чечимин кабыл алышкан.
Жалал-Абат областтык ички иштер башкармасынын өкүлү болсо "Азаттыкка" мындай маалыматты четке кагып. партиянын облустагы бөлүмүнө милициядан эч кисм барбаганын, милиция саясий партиялардын ишине кийлигишпестигин билдирди.
(AJ)

XS
SM
MD
LG