Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Хабаровскиде бүгүн Орусия – Евробиримдик саммити улантылат


Эки тараптын жогорку деңгээлдеги бул жолугушуусу кечээ башталган. Саммитке Орусиядан президент Дмитрий Медведев, Евробиримдиктен уюмдун учурдагы төрагасы – Чехиянын президенти Вацлав Клаус баштаган өкүлдөр катышууда. Бул жолку саммит эки тараптын мамилесинде Орусия – Грузия ортосундагы былтыркы согуш жана быйыл январда Орусия газынын Украина аркылуу Европага жетпей калуусунан кийин пайда болгон чыңалуудан соң өтүп жатат. Тараптар алакаларын оңдоону каалашарын билдиришти.

Жыйындын күн тартибинде эки тараптын алакасынын негиздерин аныктаган жаңы келишимди даярдоо, экономикалык кризиске каршы күрөштөгү, энергетика чөйрөсүндөгү кызматташтык жана Евробиримдиктин Орусияны нааразы кылган Чыгыш өнөктөштүк долбоору өңдүү маселелер бар.

XS
SM
MD
LG