Акжол Бекболотовго жаш киночулардын сынагында гран-при “Бизде баары жакшы” аттуу фильми үчүн берилди. Эң мыкты режуссура үчүн башкы сыйлык Наргиза Маматкуловага ыйгарылды. “Мыкты операторлук иш” наамы Алмаз Супатаевге тийди. Даректүү тасмалалардын мыктысы деп Ульяна Коновалованын “Саламатсыңбы, Күн!” тасмасы аталды. Нурбек Болотовдун “Салбурун” деген даректүү тасмасына калыстар тобунун атайын байгеси берилди. Аялдын образын мыкты жараткан деп, Айнура Абдрасулова, ал эми эркектердикинен Ренат Балхаш уулу аталды. Жаш киночуларды тарбиялап өстүргөнү үчүн кыргыз-түрк “Манас” университетинин окутуучусу, режиссер Артык Сүйүндүков атайын сыйлык алды. Жаш кинорежиссерлордун алгачкы фестивалында алтымыш кинодон тандалып алынган он үч тасма көрсөтүлдү. (EBM)