Облустун бир нече райондорунда 21-майга караган түнү катуу жаандан улам сел жүрдү. Анын айынан Токтогул районунда бир кишинин үйүнө суу кирип, эки адамдын сарайынын дубалына жарака кетти. Алардын 72 баш ую менен 125 баш кой-эчкиси суу алдында калды. Мындай маалыматты бүгүн өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы таркатты. Маалыматка караганда, катуу нөшөр облустун Ала-Бука, Аксы райондорунда да жаап өткөн . Ала-Бука районунда сел ички чарбалык жолдорду баскан. Учурда аларды тазалоо иштери жүрүүдө. (YA)