Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 10:49

А.Бекназаров: БЭК Т.Сариев талапкерликтен баш тартат деп үмүттөнөт


Мындай пикирин бүгүн БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Анын баамында, Темир Сариев өз партиясынын чечими менен президенттикке талапкерликке аттанып, партиялаштарынын сунушуна каршы туралган жок. Бирок шайлоого чейин БЭКтин талапкери Алмаз Атамбаевдин кызыкчылыгы үчүн Исмаил Исаковдой болуп баш тартат деп үмүттөнүшүүдө. Анткени колдоочулардын колун чогултуп жатканда көп шайлоочулар БЭКтин бир талапкер чыгарабыз деген чечимин колдой тургандыктарын билдирип жатышат. Ал эми Алмаз Атамбаев менен Темир Сариевдин ортосундагы мамиленин салкындашына бийлик жана айрым гезиттер шыкакчы болуп жаткандыгын жана БЭКтин өкүлдөрү эки лидердин ымалага келиши үчүн аракет көрүп жатышкандыгын А.Бекназаров баса белгиледи. Т.Сариевден бул билдирүү боюнча жооп ала албадык. (BD)

XS
SM
MD
LG