Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Пакистан 2 миллион качкынды кантип багат?


Жалгыз казан канча адамды тойгузат?
Жалгыз казан канча адамды тойгузат?

Улуттар Уюму Пакистандын түндүк-батышындагы согуштан качкан элге тез жардам көрсөтүү үчүн эларалык коомчулуктан 543 миллион доллар жардам сурады. Малаканд регионундагы Пакистан аскерлери менен талип согушчандарынын кагылышуулары 2 миллиондой адамды бозгун кылды.

Пакистан бийликтери катталган качкындардын саны 2 миллионго чукулдап калганын билдирди. Алар өлкөнүн түндүк-батышындагы Сват өрөөнү, коңшулаш Малаканд регионунун Бунер жана Төмөнкү Дир аймактарында жүрүп жаткан согуштан улам там-жайларын таштап качышкан. БУУнун атайын өкүлү Мартин Могванджа 22-майда Исламбадда жасаган билдирүүсүндө эл теңдеши жок мүшкүлгө

Бунер аймагынан качкан бозгун эл Амбеладагы аскерий бекетте кезек күтүүүдө. 19-май 2009

кабылганын айтты:

- 26-апрелден тарта бир кыйла эл жер которду. Бул Пакистанда мурда болуп көрбөгөн алаамат. Мындай окуя ондогон жылдар бою дүйнөдө да болгон эмес. Кырдаал оор, согуш жүрүп жаткан аймактан чыкканга мүмкүнчүлүк тапкан адамдар келип жатат.

Жума күнү БУУ дүйнө өлкөлөрүнөн “эбегейсиз кыйынчылыкка” кабылган элге жардамга 543 миллион доллар чогултууну суранды. Бир күн мурда Пакистандын премьер-министри Юсуф Реза донорлорго кайрылганда миллиондогон пуштун жарандарга создуктурлбай жакшы шарт түзүлсө, согушчандар элди пайдалана алмай калмак деди:

- Биз элдин жүрөгү жана акыл эси үчүн күрөшүүбүз керек. Баарынан мурда бул эки аймактагы эл үчүн конкреттүү жана көзгө көрүнгөндөй иш жасообуз абзел. Айымдар жана мырзалар, бул согушчандардын оор абалга кабылган элди пайдалануусуна бекем бөгөт коймок.

Талип согушчандары кыйрткан Пакистан армиясынын танкы. Бунер аймагындагы Пир Баба кыштагы. 22-май 2009

21-майда Пакистандын союздаштары гуманитардык алааматка кабылган элге 224 миллион шашалыш жардам жөнөтүлөт деп убада кылышты. Анын 110 миллионун жалгыз АКШ берет. Жардам жөнүндө жарыялгандан кийин, Мамкатчы Хиллари Клинтон АКШ экстремизмге каршы күрөштө Пакистанга бар жардамын аябасын кайра кайталады:

- Бул сөзсүз берилчү жардам глобалдык жана Кошмо Шттардын коопсуздугу үчүн маанилүү. Биз

Там-жайсыз калган качкындар Исламабаддан 15 чакырым жердеги Чота Лахор лагеринде.

кырдаалдын талабына ылайык дагы көп жардам көрсөтүүгө даярбыз.

Гуманитардык агенттиктеринин билдиришинче, Сват өрөөнү жана Малканд регионундагы 2 миллиондой бозгундун көпчүлүгү жергиликтүү элдин жардамы менен күн көрүшүүдө. Алардын 350 миңи гана качкындар лагерлерине жайгаштырылган.

Маалыматтарга караганда, Пакистан өкмөтү чукул арада ар бир качкын үй-бүлөгө 500 доллардан акчалай жардам берет. Бирок, узак мөөнөткө жетерлик азык-түлүк камдалбаса, үй-жайсыз адамдар ачкалыктан жана татаал шарттан кырылышы мүмкүн, деп кооптонот Пакистан бийликтери менен гуманитардык уюмдар.

XS
SM
MD
LG