Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:52

Президент болууну көздөгөн Акбаралы Айтикеев тил сынагынан өттү


Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин текшерүү комиссиясынын тогуз мүчөсү тең бүгүн Айтикеевди мамлекеттик тилди билет деп тааныды. Комиссия талапка ылайык аны программасын жаздырып, оозеки баяндама жасатып, адабий чыгарма окутуп текшерди. Ал тил сынагынан өткөн үчүнчү арыз ээси болду. Алдыда дагы талапкердикке арыз берген 13 талапкер сынактан өтүшү керек.
Программасын баяндоо учурунда Акбаралы Айтикеев коом коррупциялашып, бийликке кошоматчылык күчөп кеткенин белгиледи. Мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөсү талапкерди сынактын талаптарынан ажырабоого, тигил же бул талапкердин кызыкчылыгын коргоп же ага каршы үндөгөн, үгүт иштеринен алыс болууга чакырды. (BuS)

XS
SM
MD
LG