Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:54

И.Чудинов: Шериктеш өлкөлөрдүн антикризистик программалары бири-бирине төп


Бул тууралуу Кыргызстандын премьер-министри Игорь Чудинов кечээ Шериктеш өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Астана жолугушуусунан кийин билдирди. Өкмөт башчылардын кечээги жолугушуусу чакан жана кеңири форматта өтүп, анда кызматташтыктын бардык багыттарын камтыган 18ден ашык маселе талкууланып, жактырылды. Анда негизги документ катары Шериктештердин Экономикалык өнүгүүсүнүн 2020-жылга чейинки Стратегиясынын биринчи баскычын ишке ашыруунун иш-чаралары болду. Бул документ энергетика, өнөр жай, өндүрүш, агроөнөр жай, транспорт тармагында карым-катышты кеңейтүүну камтыйт.
Жыйындан кийин премьер-министр Тажикстандын премьер министри, Казакстандын биринчи вице-премьер министрлери менен эки тараптуу жолугушту. Ошондой эле Чудинов КМШ өлкөлөрүнүн башка өкмөт башчылары менен чогуу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушууга катышты. (BuS)

XS
SM
MD
LG