Бул тууралуу бүгүн Акыйкатчы институтунун алдындагы укук коргоочулар кеңешинин мүчөсү Назгүл Турдубекова билдирди. Укук коргоочунун айтымында бул демилге 1-июнь балдардын күнүнө карата ата-энеси соттолуп кеткен 97 балага материалдык колдоо көрсөтүү максатын көздөйт. Орозо айт күнү Ноокатта уюштурулган баш аламандыкка байланыштуу 32 киши мамлекеттик түзүлүшкө кол салды деген айып менен соттолуп кетишкен. Алардын экөө - аял. (BuS)