Февралда Египеттин борбору Каирде жардыруу уюштурган деген шек менен жети киши камакка алынды. Кол салуудан француз өспүрүм набыт болгон. Камакка алынгандардын арасында палестиндер, египеттиктер жана теги албан Франциянын жарандары бар. Египеттин Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, бул топ чет өлкөлүк туристтер жүргөн жайларда террордук акттарды уюштурууну пландаштырышкан.