Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

Кыргыз тилин жандантуу аракеттер башталды


Бул тууралуу президенттик катчылыктын өкүлү Султан Жумагулов “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Өзүнүн демилгеси менен түрк президенти Абдулла Гүлдүн Кыргызстанда 26-майда башталчу иш сапарында расмий иш-чаралардын баары жалаң кыргыз тилинде жүргүзүлөрүн, мамлекеттик тилдеги документтерге кол коюларын айтты. Кыргыз тилин жогорку расмий жолугушууларда колдонууну азыр минтип мактанып айтпай, 17 жыл мурда эле баштоо керек эле, дейт. С. Жумагулов. Президенттин өкүлү бара-бара ал түгүл Орусия менен да расмий иш-чараларды кыргыз тилинде өткөрүү боюнча максат бар экенин баса белгиледи. С. Жумагуловдун айтымында, кыргыздын маданиятын, салтын жана тилин кайра жандантуу боюнча азыр алгачкы иштер башталды. Бул аракеттер президенттин жаңылануу багытында эң негизги милдет, кадам катары көрсөтүлгөн жана тарыхты кайра жазып чыгуудан, “Манас” эпосунун томдорун чыгаруудан башталып жатат, дейт С. Жумагулов. (EBM)

XS
SM
MD
LG