Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:03

Ооганстан, Пакистан жана Ирандын президенттеринин саммити өтөт


Бүгүн Тегеранда Ооганстан, Пакистан жана Ирандын президенттеринин саммити өтөт. Ооган президенти Хамид Карзай Тегеранга тышкы иштер министри Рангин Дадфар Спанта баштаган делегация менен келди. Ирандын лидери Махмуд Ахмадинежад, Ооганстандын президенти Хамид Карзай жана Пакистандын лидери Асиф Али Зардари үч өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтык жана талиптерге каршы биргелешип күрөшүү өңдүү маселелерди талкуулашат. Мындан сырткары Ахмадинежад менен Зардари Ирандан Пакистан жана Индияга жетчү газ куурунун курулушу тууралуу сүйлөшөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG