Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:58

Грузияда оппозиция жол бууду

Грузияда оппозициянын тарапкерлери Хашури шаарындагы кан жолду жарым саатка бууп салышты. “Интерфакс” маалымат агенттигинин кабарлашынча, беш жүзгө чукул унаа Грузиянын батышынан Тбилисиге жол тартты. 26-майда Грузиянын Эгемендүүлүк күнүнө карата оппозиция массалык нааразылык акциясын өткөрүүнү пландаштырууда. Грузияда президент Михаил Саакашвилинин кызматтан чегинүүсүн талап кылган нааразылык акциялар бир жарым айдан бери уланууда.
XS
SM
MD
LG